«Үй-бүлөдөн куулуп жатышат». Аялдарга ЭКО жасатууга мамлекеттен колдоо көрсөтүү сунушталды

«Үй-бүлөдөн куулуп жатышат». Аялдарга ЭКО жасатууга мамлекеттен колдоо көрсөтүү сунушталды

Кыргызстанда экстракорпоралдык жол менен уруктандырууну жасаган бир дагы мамлекеттик клиника жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.

Ал балалуу болууну эңсеген үй-бүлөлөргө колдоо иретинде мамлекеттик квотаны киргизүүнү сунуштады.

“Жеке клиникалар гана ЭКО жасайт. Алардын бир жолку кызматы 500 миң сом турат. Айрымдар 7-8 жолу аны жасатууга аргасыз. Акчасы тартыш үй-бүлөлөр кыйналып калып жатышат. Алардын уруктандыруунун бул ыкмасын жасатууга каражаты жок болуп, эркек күнөөлүү болсо дагы үй-бүлөдөн куулуп жатышат”, — деди ал.

Элвира Сурабалдиева Казакстанда экстракорпоралдык жол менен уруктандырууга мамлекеттик квота бар экенин белгиледи. “Биздин аялдардын эмнеси кем? Алар дагы колдоого муктаж”, — деп кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>