Кримчөйрөнүн өкүлүн өлтүрүү аракети: Ок жеген адам шектүү катары кармалды (окуянын чоо-жайы)

Кримчөйрөнүн өкүлүн өлтүрүү аракети: Ок жеген адам шектүү катары кармалды (окуянын чоо-жайы)

Жалал-Абадда былтыр август айында Сузакта болгон ок атышуу окуясы боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, былтыр 30-августка караган түнү Сузакта 29 жаштагы Н.С. аттуу жаран октон жарат алып, Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган. Жабыркаган адам криминалдык чөйрөгө тиешеси бар адам болуп саналат.

Жабырлануучу өз көрсөтмөсүндө, ал таксиде баратканда белгисиз адамдар Hyundai Getz унаасы менен келип, аткылап кеткенин билдирген.

Бул окуядан кийин кылмышка шектүү катары 23, 24, 28 жана 29 жаштагы төрт адам (Р.К., Ж.Э., Б.М. жана А.Д.) кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Кийин иштин материалдары сотко жөнөтүлгөн.

Иш сотто карала баштап, өкүм чыгары белгилүү болгондон кийин кармалган шектүүлөр окуя тууралуу өз версиясын айтып берген. Шектүүлөр билдиргендей, алар Hyundai Getz унаасы менен баратканда белгисиз адамдар такси менен келип, аларга ок чыгарган. Ортодо ок атыш болгон. Алар ок атышты биринчи болуп баштабаганын айтышкан. Бул тууралуу шектүүлөр сот жообуна тартыларын билгенден кийин гана ооз ачкан.

Милиция шектүүлөрдүн көрсөтмөсү боюнча териштирүү жүргүзүп, шектүү катары биринчи ок атты делген эки адамды кармаган. Алардын бири — ок атыш учурунда жараат алган 29 жаштагы Н.С. жана анын 28 жаштагы шериги Б.Б. болгон. Милиция аныктагандай, 29-августта болжол менен саат 23:30да аталган эки жаран такси жалдап, Сузактын Мундуз айылына жөнөгөн. Жолдон Hyundai Getz унаасы менен бара жаткан Р.К., Ж.Э., Б.М. жана А.Д. аттуу жарандарды көрүп калып, 29 жаштагы Н.С. Hyundai Getz унаасын көздөй 2-3 жолу ок аткан. Ортодо ок атыш башталып, 29 жаштагы Н.С. жараат алып, ооруканага түшкөн. Эми аны жарадар кылгандардын иши сотто каралып жатса, ал өзү жана шериги милиция тарабынан кармалып, камакка алынды. Аларга да «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча иш козголду.

Милициянын маалыматы боюнча, 29 жаштагы Н.С. буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал эми Б.Б. буга чейин мал уурулук, бейбаштык беренелери менен соттолуп, азыркы күндө уурулук боюнча 2025-жылга чейин пробацияда жүргөн.

Кармалган 6 адам тең кримчөйрөгө тиешеси бар адамдар.

Кримчөйрөнүн өкүлүн өлтүрүү аракети: Төртүнчү шектүү кармалды (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>