Reporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыкты
Ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылып, операция жасалды
24.01.2021 | 17:31
Ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылып, операция жасалды. Бул тууралуу super.kg маалымат порталы жазды.
Ага ылайык, Автокырсыкка кабылган ырчы Анжеликага тез арада операция жасалган.
“Ырчы кечээ, 23-январда кечинде саат 21:00-22:00 аралыгында ооруканага келип түшкөн. Бүгүн эртең менен тез арада анын омурткаларына операция жасалды. Операцияны Сабырбек Жумабеков жасады. Учурда ырчы наркоздон ойгоно элек”, – деп билдиришкен Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун маалымат кызматынан.
Буга чейин ырчы Анжелика Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алганы кабарланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар