Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Ысык-Ата: Уулу өз үйүндөгү меринос койлорун уурдап саткан
22.12.2021 | 11:37
Ысык-Ата районунда мал уурдоо фактысы катталып, шектүүлөрдүн бири анын баласы экени аныкталган. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 17-декабрь күнү Ысык-Ата райондук милициясына арыз менен 54 жаштагы Н.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 10-30-ноябрь убакыт аралыгында үйүнөн меринос породасындагы 23 баш коюн белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция 29 жаштагы Э.И. жана 30 жаштагы Н.С. аттуулар кармалышкан.
Кармалгандардын бири арыздануучунун баласы экени аныкталып, ал жогорудагы малдарды сатып, бирок атасына айтпагыны маалым болгон.
Учурда териштирүү иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар