Ибраев: VI чакырылыштын депутаттарына ЖКга эркин кирүү укугун калтыруу керек -видео

Ибраев: VI чакырылыштын депутаттарына ЖКга эркин кирүү укугун калтыруу керек -видео

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңеште VI чакырылыштын депутаттарынын акыркы жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Самат Ибраев учурдагы эл өкүлдөрү ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин дагы Жогорку Кеңештин имаратына ээн-эркин кирүүнү каалашат экенин айтты.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү кызматтык күбөлүктөрүн өздөрүнө калтырышы керек.

«VI чакырылыштын депутаттары өмүрүнүн бир бөлүгүн ушул жерде өткөрүштү. Келечекте алар күбөлүктөрү менен парламенттин имаратына ээн-эркин кирсин деп токтом кабыл алалы. Алар жаңы эл өкүлдөрүнө жардам беришет», — дейт Самат Ибраев.

Вице-спикер Аида Касымалиева өтүп жаткан чакырылыштын бардык маселелери мыйзам чегинде чечилиши керектигин кесиптештерине эскертти.

Белгилей кетсек, эртең 23-декабрда жаңы парламент өз ишин баштайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>