Ысык-Көл облусу референдумду эң көп колдогон

Ысык-Көл облусу референдумду эң көп колдогон

Ысык-Көл облусу референдумду эң көп колдогон.

Жалпысынан алынган маалыматтардын негизинде 1 миллион 294 миң 776 жаран же 35,9% добуш берүүгө катышкан.

Референдумга коюлган суроого 1 миллион 26 миң 917 шайлоочу же 79,31% «макул», 176 миң 701 адам же 13, 65% «каршы» добуш берди:

— Ысык-Көл облусу — «макул» — 95 миң 458 (85,18%), каршы — 10 миң 213 (9,11%);

— Ош облусу — «макул» — 235 миң 127 (84,57%), «каршы» — 21 миң 68 (7,58%);

— Жалал-Абад облусу — «макул» 218 миң 614 (84, 23%), «каршы» — 20 миң 781 (8%);

— Бактен району — «макул» 87 миң 809 (84,2%), «каршы» — 9 миң 194 (8,82%);

— Нарын облусу — «макул» — 71 миң 149 (82,76%), каршы 9 миң 648 (11,22%);

— Ош — «макул» — 52 миң 865 (80,25%), «каршы» — 7 миң 981 (12,12%);

— Талас облусу — “макул” — 51 миң 558 (74,98%), “каршы” — 11 миң 37 (16,05%);

— Чүй облусу — «макул» — 137 миң 675 (70,9%), «каршы» — 41 миң 383 (21,31%);

— Бишкек — ​​»макул» — 76 миң 662 (60,8%), «каршы» — 45 миң 396 (36%).

Эгерде шайлоочулардын 30% добуш берсе, анда референдум өттү деп эсептелет

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>