Ысык-Көл облусунун жетекчиси бараткан унаа оодарылып кетти

Ысык-Көл облусунун жетекчиси бараткан унаа оодарылып кетти

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев бараткан унаа жол кырсыгына кабылып, облус жетекчиси ооруканага жаткырылды.

Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматына караганда, окуя бүгүн саат 08:50дө Бишкек — Торугарт жолунун 156-чакырымында катталган.

Элчибек Жантаев бараткан Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү кызматтык автоуааны Ак-Суу районунун 24 жаштагы тургуну айдап баратып, рулду башкара албай калган. Кырсыктын кесепетинен унаа оодарылып, облус жетекчиси жеңил жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылган.

Аталган факт Балыкчы шаардык милициясы тарабынан кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, соттук-техникалык экспертиза дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>