Ысык-Көлдө балык уулап жүргөн 2 адам чөгүп кетти

Ысык-Көлдө балык уулап жүргөн 2 адам чөгүп кетти

Ысык-Көлдө балык уулап жүргөн 2 адам чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 11-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын 2 тургуну Ысык-Көлгө балык уулаганы кетип кайтып келбегендиги тууралуу куткаруучуларга маалымат түшкөн.

Аларды издөөгө 5 куткаруучу, 5 милиция кызматкери, жергиликтүү бийликтин 5 өкүлү жана 30 жергиликтүү тургун тартылып, кайыктар менен издөөгө чыгышкан.

Кечинде саат 22:00дөр чамасында 50 жаштагы А.К. жана 43 жаштагы А.А. аттуу адамдардын жансыз денелери табылган.

Аларды суудан чыгарышып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>