Ысык-Көлдө милиция жылкыларга түнкүсүн жарык берүүчү тасмаларды тагууда

Ысык-Көлдө милиция жылкыларга түнкүсүн жарык берүүчү тасмаларды тагууда

Жети-Өгүз районунда жылкыларга түнкүсүн жарык берүүчү тасмалар тагылууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, мындай иштер мал менен байланышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында жасалууда. Түнкүсүн жарык берүүчү тасмаларды сатып алууда, милицияга жергиликтүү бийлик органдары жардам көрсөтүшкөн.

“Айрым мал ээлеринин кадыгерлигинен улам, түнкүсүн жылкылар жолго чыга калышкандан, жол кырсыктар орун алууда. Райондо жыл башынан малдын катышуусу менен 15 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам каза болсо, 6 адам денелеринен жаракат алышкан”, – деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын январь-сентбярь айларында Ысык-Көл облусунда 250 жол кырсыгы катталып, 58 киши каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>