Мыйзамсыз курулуп жаткан: Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулдуКыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 880 млрд сомго жетти — ЕӨБТатарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болдуМыктыбек Оролбай тарыхый рекорд жаратып, UFCде үчүнчү жеңишине жетишти17-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөтӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн
Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан кишинин сөөгү табылды
02.06.2022 | 09:32
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Совет айылынын 40 жаштагы тургуну А. И. аттуу эркек киши ат менен Ууру-Төр жайлоосуна мал караганы кеткен бойдон дайынсыз болгон. Бул тууралуу маалымат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө түшкөн.
Кечээ, 1-июнда аталган жарандын минип кеткен аты Зындан айылынан тирүү табылып, бирок, өзү дайынсыз болуп жаткан. Бүгүн, 2-июнда издөө иштерин жүргүзүү үчүн таңкы саат 04:50дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ТКККнын №7 ӨМТККВдан 7 куткаруучу тартылган.
Издөөнүн натыйжасында Совет жана Зындан айылдарынын ортосунан агып өткөн суудан сөөгү табылып, куткаруучулар туугандарына өткөрүп беришкен. Ал Жыргалаң суусунун агымы шар жерден аты менен өтүп жатып, аттан жыгылып сууга акканы анын өлүмүнө себеп болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом