Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Ысык-Көл облусуна таштанды өрттөөчү эки завод курулат
05.05.2025 | 17:04
Ысык-Көл облусуна кытайлык инвесторлор таштанды өрттөөчү эки завод курат. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Заводдор Ак-Суу районуна жана Балыкчы шаарына курулат. Бул үчүн аталган аймактардан 20 гектардан жер бөлүнөт.
Бүгүн, 5-майда облус башчысы Бакытбек Жетигенов Кытайдан келген «Хунань Цзюньсинь Хуаньбао» компаниясынын өкүлдөрү менен жолуккан. Анын жыйынтыгында алкактык макулдашууга кол коюлган.
Өкүлчүлүк жогоруда аталган инвесторлор учурда Бишкекте да ушундай завод куруп жатышканын билдирди.
“Эми бул технологиялар Ысык-Көлгө да келмекчи. Бул экология, тазалык жана жашоонун сапаты үчүн чоң кадам”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом