Ысык-Көлдө 20 кг марихуана ташып бараткан жаран кармалды

03.10.2022 | 16:38

Ысык-Көл облусунда ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуучу жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин БМЖКККнын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгына К аттуу жаран эки облуста баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрөт деген маалымат түшкөн.

Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Ысык-Көл районунун Булан-Соготту айылында Нарын облусунун Чаек районунун Жаңы-Арык айылынын 1978-жылы туулган К.К. аттуу тургуну башкарып бара жаткан “Мазда-323″ унаасы токтотулуп, багажынан төрт баштык баңгизат табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын кортундусуна ылайык, алынган заттын салмагы 20 кг 218 гр. түзгөн “марихуана” баңгизат каражаты болгон.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

[image_carousel source=”media: 158016,158014″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top