Ысык-Көлдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миӊ сомдон берилди

Ысык-Көлдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миӊ сомдон берилди

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жана Ак-Суу районунда социалдык контрактка катышкан үй-бүлөлөргө сертификаттар тапшырылды.

11-апрелде өткөн иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова катышышты.

Депутат социалдык контрактын негизинде долбоорго катышып жаткан бардык үй-бүлѳлѳрдү куттуктап, бул программа чындап активдүү иш-аракеттерге шыктандырат деген ишеничте экенин билдирди.

Маалымат үчүн, Ак-Суу районунда былтыркы жылы 50 үй-бүлөгө социалдык контракт боюнча жардам берилген болсо, быйылкы жылы квота боюнча 256 үй-бүлөгө социалдык контракт боюнча жардамдар каралган, анын ичинен айылдык социалдык комиссиядан жана убактылуу райондук комиссиядан 212 үй-бүлө долбоорун жактап өтүштү, калган 44 үй-бүлө да долбоорлорун аз күндөрдө тапшырып акча каражаттарын алмакчы. Ал эми Каракол шаары боюнча 26 үй-бүлө сертификат алышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>