Бишкекте милиция кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалдыМарлен Маматалиев парламенттин төрагасынын алдындагы Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин ишин жандандырдыБишкекте айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер 6-апрелден тарта жаңы даректе өткөрүлө баштайт1-класска электрондук каттоо: Эки күндө 29 миңге жакын бала катталдыКыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКыргызстан Иранга гумжардам жөнөтөт: 129 тонна азык-түлүк жана дары-дармек
Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
12.04.2023 | 09:55
Ысык-Көлдө 11-апрель күнү саат 23:08де очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында 3,5 балл, Чоң-Кызыл-Суу айылында 3 балл, Ак-Суу районунун Подгорный, Теплоключенка айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом