Бишкек мэри борбор калаанын борборундагы курулуштар бузулган жерге курула турган фонтандардын долбоорун көрсөттүБишкекте тоолуу дистанциялар боюнча ачык чемпионат өтөтӨзбекстанда инфляция февраль айынын жыйынтыгы боюнча 7,3%ды түздү — ЕӨБдүн маалыматыКазакстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өттү: реформаны жарандардын 86 пайыздан ашыгы колдодуКыргызстан менен ЮНИСЕФ өлкөдөгү балдардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш планды бекитишти2026-жылы Кыргызстанда 20 миңден ашык үй-бүлө МИК аркылуу турак жай менен камсыз болот
Ысык-Көлдө Манасчылар сейил багы курулат
21.02.2024 | 14:43
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Теплоключенка Манасчылар сейил багы курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Учурда Ак-Суу районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан аталган сейил бактын эскиздик долбоору иштелип чыкты. Сейл бак Теплоключенка айылынын күн батыш тарабына курулат.
Сейил бакта Манас айтууга, Нооруз майрамын өткөрүүгө, көргөзмө жыйын уюштурууга, музей катары колдонууга шарттар түзүлөт. Анда ар кандай скульптуралык композициялар орнотулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом