Депутат тил маселеси тууралуу: Аймактан Бишкекке келгендер чет өлкөгө келгендей болот

Депутат тил маселеси тууралуу: Аймактан Бишкекке келгендер чет өлкөгө келгендей болот

Кыргызстандын аймактарынан Бишкекке келген жаштар чет өлкөгө келгендей болот. Бул тууралуу депутат Улан Бакасов Жогорку Кеңештин жыйынында тил маселеси боюнча сүйлөп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайга өтүүнү каалаган абитуриенттер мамлекеттик тилде (кыргыз тилинде) тест тапшырууга милдеттендирилди. Бул иш абитуриенттердин мамлекеттик тилди канчалык жакшы билерин аныктоо үчүн жасалат жана анын жыйынтыгы окуу жайга тапшырууга таасирин тийгизбейт.

Аталган маселеге байланыштуу парламентте Билим берүү министрлигинин маалыматы угулду.

Жогорку Кеңештин жыйынында Бакасов министрликтин демилгесин колдой турганын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда көп улуттун өкүлдөрү жашайт, бирок алардын баары эле мамлекеттик тилди биле бербейт.

«Бизге окшогон аймактан келген жаштар өлкөнүн борборуна келгенде, чет өлкөгө келгендей болот: ашканага, соода түйүнүнө, окууга барабы расмий тилде сүйлөшөт. Өлкөнүн булуң-бурчунан келген жаштар көбүнчөсү сынып калып, өзүнүн талантын, өнөрүн көрсөтө албай мокоп калып жатат, — деген депутат өлкөдөгү жарандардын баары мамлекеттик тилди билиши керектигин айтты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанды кыргыз тилинин мамлекеттик жана орус тилинин расмий деген макамы бар.

ЖОЖго тапшыра тургандар кыргыз тилинен тест тапшырууга милдеттендирилди

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>