Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Ысык-Көлдө марал куткарылды – видео
08.03.2023 | 12:15
Жаратылыш ресурстары, экология жана техикалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери маралды куткарып калды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, министрликтин Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Түптүн Сары-Кыр тилкесинде, рейд учурунда, эки жаштагы маралды таап алган.
“Марал карышкырлар кол салгандан кийин үйүрүнөн калып калган болушу мүмүн. Маралды тапкан учурда ал алсыз абалда болгон”, – деп билдиришти министрликтен.
Марал Сары-Тологой айылындагы егердин үйүнө жеткирилген. Андан кийин мал доктур чакырылып, ветеринар маралды текшерген.
“Марал калыбына келгенден кийин кайра боштондукка кое берилет”, – деп билдиришти министрликтен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом