Бишкекте аялдардын укугу үчүн жөө жүрүш өттү — видео

Бишкекте аялдардын укугу үчүн жөө жүрүш өттү — видео

Бүгүн, 8-мартта, Бишкекте гендердик зомбулук жана дискриминацияга каршы аялдардын тилектештик тынчтык жөө жүрүшү өттү.

Жөө жүрүшкө келгендер зомбулукту токтотуу боюнча улуттук иштердин планын киргизүү, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ар бир райондо мамлекет тарабынан каржыланган кризистик борборлорду ачуу, аялдардын социалдык жана эмгек укуктарын кепилдиктерин, сөз эркиндигин камсыз кылуу сыяктуу талаптарын айтышты. Акцияга болжол менен 600-700 киши катышты.

Жөө жүрүш тынч өтүп, тартип бузуулар, чагымчылдык болгон жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>