Ала-Бел ашуусуна кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылдыДастан Бекешев мопеддерге коюлган жаңы талаптардан улам курьерлердин массалык жумушсуз калуу коркунучун эскерттиЧек ара кызматында жаңы орун басарлар дайындалдыКөпчүлүк аймактарга кар жаайт: 11-мартка карата аба ырайыАскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленет
Ысык-Көлдө мөмө-жемиштерден пюре жасап чыгарган ишкана ачылат
06.03.2025 | 15:39
Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылында мөмө-жемиштерден пюре жасап чыгарган ишкана ачылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Ишкана өрүк, кулпунай жана малинаны кайра иштетип, күнүнө 25 тонна, ал эми бир сезондо миң тоннага чейин даяр продукция өндүрөт деп пландалууда.
Министрлик бул кадам жергиликтүүлөрдүн түшүмдү жыйнагандан кийин аны кайда өткөрүүнү билбей калган учурдагы көйгөйлөрүн чечерин билдирди. Ошондой эле ишкананын ачылышы менен өрүктүн баасын туруктуу кармоо мүмкүнчүлүгү жаралат.
Учурда ишкананын курулушу 90%га аяктап калганы, жакында ишке киргизилери айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом