Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Минералдык жер семирткичтерди экспортоого убактылуу тыюу салынды
06.03.2025 | 16:02
Министрлер кабинети минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБдин аймагынан тышкары чыгарууга убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тыюу салуу 3-марттан тарта 6 ай бою күчүндө болот.
Бул чечим төмөнкү учурларга колдонулбайт:
- Импорттолгон минералдык жер семирткичтердин сапаты талаптарга жооп бербеген учурда аларды кайра артка кайтарууда.
- Министрлер кабинетинин чечими менен берилүүчү эл аралык транзиттик жана гуманитардык жардамдарга.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом