Ысык-Көлдө пляждар көзөмөлдөнөт. Зонтиктер 200 сомдон ашпоого тийиш

28.07.2025 | 09:16

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Бостери шаарларында пляждарды зонтик менен мыйзамсыз ээлеп алып, эс алуучуларга кымбат баада мажбурлап ижарага берүү фактылары катталууда. Мындай жагдай туристтерге ыңгайсыздык жаратып жатканын белгилеген жергиликтүү бийлик буга чейин эскертүүлөр берген.

27-июль күнү Ысык-Көл районунун акими, Чолпон-Ата шаарынын мэри, райондук ИИБ жетекчилиги жана башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте рейд жүргүзүлүп, абал жеринен текшерилди.

Рейддин жыйынтыгында, муниципалдык пляждарда күн чатырларын ижарага берүү боюнча чектөөлөр киргизилип, күнүнө 200 сомдон ашпаган баа белгиленди. Ошондой эле, жарандар көл жээгин мыйзамсыз ээлеп алып, тейлөө кызматтарын мажбурлап таңуулоого тыюу салынды.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жакынкы күндөрү тейлөө жана кызмат көрсөтүү тармагын бирдиктүү стандартка келтирүү боюнча чечим кабыл алынмакчы.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top