Ысык-Көлдө селден улам жарактан чыккан үйлөр жаңыртылды
Ысык-Көл облусунда селдин кесепетинен жарактан чыккан турак жайлар жаңыртылды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жаңы турак жайлардын ачкычтарын жарандарга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды.
Иш-чарага Мамкурулуш агенттигинин директору Н.Орунтаев жана директордун орун басары Б.Турдугулов катышты. Калыбына келтирилген үйлөр жарандарга тапшырылды.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 19-августунда Ысык-Көл облусунун түндүгүндөгү Темир, Булан-Сөгөттү, Корумду айылдарында сел жүргөн. Жалпысынан 380 үйдү, 11 дүкөндү, беш пансионатты, ички жана негизги жолдорду суу каптаган.
[image_carousel source=”media: 217130,217131,217132,217133″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз