Ысык-Көлдө сууга чөгүп бара жаткан кыз куткарылды
Ысык-Көлдө милиционерлер сууга чөгө баштаган кызды куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 31-июль күнү болжол менен кечки саат 18:15де “Кекилик” пансионатындагы көлдүн жээгинде коомдук коопсуздукту камсыздап жүрүшкөн кызматкерлер жардам сурап жаткан кыйкырыкты угушкан.
“Кызматкерлер дароо көлгө чөгүп жаткан жаранды байкай салып, аман-эсен куткарып калышкан. Ал Бишкек шаарынын 2006-жылы туулган тургуну болгон. Эс алууга келген кыз аба ырайы кескин өзгөрүп, шамал болуп, жаан жаагандыгына байланыштуу суудан чыга албай чөгө баштаган”, – деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда туристтик мезгилге байланыштуу Ысык-Көл облусунда туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери алгылыктуу иштерди алып барышып, бир ай ичинде Ысык-Көлгө чөгүп бара жаткан бир нече адамды куткарып, жоголгон баалуу буюмдарын таап беришкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз