Ошто мал базарга кой сатканы кетип, дайынсыз жоголгон жаран табылды

Ошто мал базарга кой сатканы кетип, дайынсыз жоголгон жаран табылды

Оштун Кара-Суу районунда мал базарга кой сатканы кетип дайынсыз жоголгон 43 жаштагы Элдарбек Жолдошов табылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, ал изделип жатканын билгенден кийин туугандарына байланышка чыгып, Бишкекте жүргөнүн, аман-соо экенин билдирген. Кийинчерээк ал милицияга келип, Жалал-Абадда жүргөнүн айткан.

Маалыматка караганда, ал жубайы менен Ысык-Көлгө баруу маселеси боюнча талашып-тартышып кетип, 23-июлда таңга маал мал базарга чыгып кеткен. Мал базарга барып, 17 баш коюн саткандан кийин айылына келип досторуна жолугуп, ал жакта бир аз жүрүп, кайра кетип калган. Айылына келгенде жакындарынан аны эч ким көргөн эмес.

Милицияга түшүндүрмө бергенден кийин ал үйүнө кеткен.

Эскерте кетсек, буга чейин милицияга Элдарбек Жолдошовдун карындашы кайрылып, байкеси 23-июлда болжол менен саат 05:00до Учкун айылындагы мал базарга 17 баш койду сатканы кетип, дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Буга байланыштуу милиция коомчулукка кайрылып, Элдарбек Жолдошовдун жүргөн жери боюнча маалыматы бар жарандарды кабар берүүсүн суранган.

Мал базарга кой сатканы кеткен. Ошто 43 жаштагы жаран изделүүдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>