Ошто жарандарды 75 млн сомго алдап кеткен үч шектүү кармалды

Ошто жарандарды 75 млн сомго алдап кеткен үч шектүү кармалды

Ош шаарында «Араб фондунан» үй алып беребиз» деп жарандарды 75 млн сомдон ашык акчага алдап кеткен үч шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата милицияга 74 адамдан арыз түшкөн. Жабырлануучулардын саны андан да көп болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Белгилүү болгондой, шылуундарга алданып калган жарандардын ичинен эң аз акча бергени 350 миң сом болсо, эң көбү 11 млн сомду түзөт. Шылуундар 350 миң сом берген адамга Монуев көчөсүндөгү өздөрү алдын ала ижарага алган батирди көрсөтүп, «ушул батирди беребиз» деп акчасын алышкан. Ал эми, 11 млн сом берген жаранга Ош шаарынан көп кабаттуу үйдөн батир, дүкөн жана жер үй убада кылышкан.

Жабыркаган жарандардын көпчүлүгү Ош шаарынын, Ош, Баткен облустарынын тургундары болушат.

Милиция кылмышка шектүү катары 28 жаштагы М.А, 38 жаштагы С.Г. жана 39 жаштагы Н.К. аттуу жарандарды кармаган. Шектүүлөр 24-июлда колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бирок 26-июлда Ош шаардык соту үч шектүүнү тең үй камагына чыгарган.

Азык тапта шектүүлөрдүн үстүнөн «алдамчылык» беренеси боюнча тергөө иштери уланууда.

Ош шаардык милициясы шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды тергөө кызматына кайрылуусун суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>