Ысык-Көлдө «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушу башталды

Бүгүн, 20-февралда, Ысык-Көл районунда «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салуу аземи өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Долбоордун максаты — эл аралык финансы борборун, финтех жана IT-инновацияларды тартуу түйүнүн, ошондой эле логистикалык хабды түзүү болуп саналат.
Аталган аймакта төмөнкү шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлөт:
- Ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн англис укугунун принциптеринде иштеген талаш-тартыштарды чечүү боюнча көз карандысыз эл аралык борбор түзүлөт.
- Аймактын резиденттери 49 жылга чейин салыктардан бошотулат. Капиталдын эркин жүгүртүлүшү, ийкемдүү валюта режими жана 100 пайыздык чет элдик катышуусу менен иш жүргүзүү укугу каралган.
- 2035-жылга чейин 100 гектардан ашык аянтта жалпы аянты 470 миң чарчы метрден ашкан кеңсе борборлору, турак жай комплекстери жана туристтик объектилер курулат. Аймак ишкердик, логистикалык жана рекреациялык зоналарга бөлүнөт.
- Масштабдуу инфратүзүмдүн негизинде 2035-жылга чейин жыл сайын 90 миңге чейин туристтин келиши күтүлүүдө.
Өкмөт башчы иш-чарада сөз сүйлөп, Кыргызстан инвесторлор үчүн ачык экенин билдирди.
“Биз түшүнүктүү эрежелерди, сапаттуу колдоону жана узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыздайбыз. Сиздердин ийгилигиңиздер – бул биз үчүн жаңы жумуш орундары, технологиялар жана өсүш экенин түшүнөбүз. «Тамчы» бул өнүгүүгө жаңы импульс берүүчү фактор болуп калат. Урматтуу инвесторлор, бакубаттуулуктун негизи – биримдикте. Келиңиздер, биргеликте ийгиликтерге жетишели. «Тамчыга» кош келиңиздер!”,- деди Касымалиев.