Ысык-Көлдө үч жаран ашпозчуну бычак менен коркутуп, сабап салган
Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери кафенин ашпозчусун сабаган шектүүлөрдү изин суутпай кармашты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл райондук милициясына Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында 13-августка караган түнү болжол менен саат 03:30да белгисиз үч жаран бычак менен коркутуп, Чок-Тал айылындагы “Солнышко” пансионатындагы “Медуза” кафесинин ашпозчусун сабаганын билдирген. Жабыркаган Чүй облусунун 20 жаштагы тургуну алган жаракатынан улам райондук ооруканага жаткырылган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Ээнбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Чок-Тал айылынын 21 жаштагы А.Н., 24 жаштагы Ш.А. жана Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну А.А. кармалган.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Тергөө амалдары уланууда.
[image_carousel source=”media: 195899,195900,195901″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз