Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

14-августта Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде катуу жаан-чачын жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы кескин төмөндөп: 14-15-августтарында Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 20…25°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15°, бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5°, күндүз 4…9° ка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 18…23°ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

«Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат», — деп айтылат маалыматта.

14-августта туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

«Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>