Ысык-Көлдө ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн накрологдорунун жыйыны өттү

27-28-август күндөрү Ысык-Көл облусунда ЖККУга мүчө мамлекеттердин башкы наркологдорунун Координациялык кеңешмеси өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри, ЖККУга мүчө мамлекеттердин наркологиялык кызматтарынын жетекчилери, билим берүү министрликтеринин жана ички иштер органдарынын профилдик бөлүмдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын кызматкерлери катышты.
Кеңешмеде ЖККУ аймагындагы баңгилик боюнча абалды, наркоманиядан көзкарандылыкка байланыштуу оору жана өлүм статистикасын, өзгөчө жаштар арасындагы абалды талкууланды.
Ошондой эле катышуучулар мыйзамсыз баңги жүгүртүүсүнөн келип чыккан коркунучтарды алдын алуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн мекемелер аралык жана эл аралык кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.
Андан кийин иш-чаранын катышуучулары Республикалык психиатрия жана наркология борборунун, ошондой эле наркотикке көзкаранды бейтаптарга жардам көрсөтүүчү башка медициналык уюмдардын ишмердүүлүгү менен таанышып, Кыргызстандын наркологиялык жардам көрсөтүү системасына жогору баа беришкен.