Ысык-Көлдүн эки районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ысык-Көлдүн эки районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ысык-Көл облусунда нөшөрлөгөн жаандан улам Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Тоң жана Ысык-Көл райондорунда селден улам бир катар унаа жолдор, ошондой эле Григорьевка капчыгайы аркылуу Кырчын жайлосуна барчу жол жабылды. Учурда Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Тоң райондорунда жамгыр катуу жаап жатат.

ӨКМ маалымдагандай, 18-августта саат 15:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Чоң-Кызыл-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, Московская көчөсүндө жайгашкан 1 кашардын короосун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ошондой эле Саруу айылындагы Чийдүү-Колот коктусунан келген сел суулары Жууку унаа жолун каптап, кум шагылга толтурган. Ички чарбалык унаа жолун тазалоо иштери Кызыл-Суу айыл аймагына тапшырылып, 1 даана жүктөгүчтүн жардамы менен кыян сууларынын кесепеттери жоюлду.

Учурда төмөнкү унаа жолдор убактылуу жабылды:

— Григорьевка-Көл-Кашка-Суу унаа жолунун 0-16 км суу каптап, каттам жабылды (Григорьевка капчыгайына баруучу жол);

— Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дон-Талаа унаа жолунун Көл-Төр-Коңур-Өлөң 42-43 км бөлүгү;

— Тогуз-Булак айылына баруучу жол (заезд в с. Тогуз-Булак);

— Ак-Сай-Көк-Сай унаа жолу;

— Ак-Терек-Дон-Талаа унаа жолу;

— Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 60-70 км аралыгы жабылды (Кескен-Бел бөлүгү) жана бул унаа жолдун 58 чакырымда Кызыл-Туу айылындагы көпүрө авариялык абалда, каттам чектелген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>