Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга Беларусиянын премьер-министри Роман Головченко, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызмты билдирди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу конокторду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда