Министр Жаманкулов кимдерди жаш лидер деп эсептейт?

Министр Жаманкулов кимдерди жаш лидер деп эсептейт?

Чолпон-Ата шаарында 25-26-август күндөрү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин жана Евразиялык экономикалык биримдиктин «Келечек» жаштар форуму өтүүдө.

Анда Reporter.kg′нин кабарчысы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдон Кыргызстандын экономика жана саясий тармагында кимдерди жаш лидер катары көрөрүнө кызыкты.

Анын айтымында, Кыргызстанда ишин мыкты билген жаш ишкерлер көп.

«Өзүн IT тармагында көрсөткөндөр бар. Мисалы Тилек Мамытов. Өкмөттө иштеп кеткен Тилек Токтогазиев айыл чарба жана конструкциялар боюнча инновациялык продуктыларды тартуулап жүрөт. Андан тышкары “Шоро” компаниясын башкарган Кайрат Эгембердиев бар. Аны мыкты менеджер катары билем. Санай келсек, алардын саны көп», — деди министр.

Ал эми саясаттагы жаш лидерлер боюнча Жаманкулов мамлекеттик кызматта иштеген кадрлар тууралуу гана айтты.

«Азыр мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө гана айта алам. Саясатчы болбосо да мамлекеттик кызматта мыкты иштегендер бар. Мисалы юстиция министри Аяз Баетов, инвестициялар боюнча агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов бар. Менин орун басарым Союзбек Надырбековду айта алам. Ал дагы абдан мыкты жигит. Андан тышкары билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев бар», — деди ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>