ЕАЭБдин өкмөт башчыларынын жыйыны башталды

ЕАЭБдин өкмөт башчыларынын жыйыны башталды

Бүгүн, 25-августта Чолпон-Атада Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны башталды.

Бүгүн өкмөт башчылардын жыйыны тар чөйрөдө өтөт. Ал эми эртең, 26-августта кеңешме кеңейтилген форматта уланат.

Эскерте кетсек, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны 25-26-августта Чолпон-Атада өтөт. Анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Жыйынга катышуу үчүн Кыргызстанга Азербайжандын өкмөт башчысы Али Асадов, Казакстандыкы Алихан Смаилов, Россияныкы Михаил Мишустин, Арменияныкы Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко жана Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Михаил Мясникович келди.  ЕАЭБге Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Россия жана Армения мүчөлүк кылат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ЕАЭБ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>