Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыз тогуз күндөн бери изделүүдө — видео
Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыз изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кичине кыз көлгө чөгүп кеткен.
[image_carousel source=”media: 145649,145650,145651,145652″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Издөө иштерин улантууга Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 6 куткаруучу, 4 суучул (моторлуу кайык менен), ККББдан 3 куткаруучу (дрон менен), суучулдар кызматынан 4 суучул (моторлуу кайык менен), Ысык-Көл райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, туугандарынан 10 адам (кайык менен), ИИМден 5 кызматкер (учкучсуз учуучу апараты менен) тартылды.
Издөө кеч киргенине байланыштуу убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. Бүгүн, 26-июль күнү издөө улантылат.