Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыз тогуз күндөн бери изделүүдө — видео

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыз тогуз күндөн бери изделүүдө — видео

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыз изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кичине кыз көлгө чөгүп кеткен.

Издөө иштерин улантууга Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 6 куткаруучу, 4 суучул (моторлуу кайык менен), ККББдан 3 куткаруучу (дрон менен), суучулдар кызматынан 4 суучул (моторлуу кайык менен), Ысык-Көл райондук  ӨКБдан 5 куткаруучу, туугандарынан 10 адам (кайык менен), ИИМден 5 кызматкер (учкучсуз учуучу апараты менен) тартылды.

Издөө кеч киргенине байланыштуу убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. Бүгүн, 26-июль күнү издөө улантылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: издөө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>