Ысык-Көлгө касапканадан чыккан малдын каны кошулуп жатканы аныкталды — видео

Ысык-Көлгө касапканадан чыккан малдын каны кошулуп жатканы аныкталды — видео

Жети-Өгүз районунда туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери сууну булгап жаткан мал союлучу жайды аныкташты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 25-июль күнү рейддин жүрүшүндө Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик- экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан Жети-Өгүз районунун Саруу айыл аймагында жайгашкан Ысык-Көл айылында жакында ачылган мал союучу жайды аныкташкан.

Милиция кызматкерлери жайды текшерүү жүргүзгөн учурда калдыктардын бир бөлүгү – союлган малдын каны түтүкчө аркылуу агын сууга агып, ал болсо Ысык-Көлгө кошуларын аныкташкан.

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, аталган мал союлучу жайга тергөө-ыкчам тобу алгачкы териштирүү иштерин жүргүзүүгө барган.

Касапкананын ээси 32 жаштагы С.Ж.нын айтымында, аталган жай болгону эки ай мурун ачылган. Негизинен өзүнүн малын союп, этин сатуу менен алектенет. Малдын каны жана калдыктары үчүн атайын чуңкур жасалган, бирок калдыктардын бир аз бөлүгү касапкананын аймагына төгүлөрүн, бирок, жакында суу көтөрүлгөндөн улам малдын каны сууга агып кеткендигин түшүндүргөн.

Учурда Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кийинки юридикалык баа берүү менен текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ысык-Көл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>