Оштогу малды жасалма уруктандыруу пунктары жабдуулар менен камсыздалдыЯндекс Кыргызстан Программалоо мектебине тикелей жол ача турган курсту баштоодоБишкек мэри: Ар бир сейил бак үчүн башыңар менен жооп бересиңерОш облусунда бир катар жетекчилердин иши жетишсиз деп табылып, сөгүш берилдиБишкекте “Бишкек туристтин көзү менен” аттуу туристтик флешмоб өттүӨкмөт аймактардагы маданият үйлөрүн жана китепканаларды реформалайт
Ютуб каналы аркылуу экстремисттик видеолорду жайылткан киши кармалды
14.03.2022 | 12:10
Шектүү Р.Ж атуу жаран өзүнүн атындагы “ютуб” каналы аркылуу экстремисттик жана терористтик мазмундагы видеоматериалдарды жүктөп тургандыгы аныкталган. Бул туурасында Ош облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Ош облусунун 1995-жылы туулган Р.Ж. аттуу жаранды кармашты. Алгачкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө Р.Ж. аттуу жаран бир тууган агасы 1992-жылы туулган Р.М. жана жеңеси Р.М. Сирия мамлекетинде жүргөндүгү дагы белгилүү болгон.
Бул факты боюнча Ош шаардык милиция Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси менен катталып, тийиштүү
экспертизалар дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар