Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдөРКӨФ Бишкекте мектептин жаңы имаратын курууга 1,8 млн доллар багыттайтКыргызстанда 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилетБишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылдыОшто Орусиядан мыйзамсыз алып келинген, баасы 1 млн сомдук алтын буюмдар аныкталды
Жайылда көлмөгө түшүп кеткен унаада 6 бала каза болду
21.06.2024 | 10:05
20-июнь күнү Жайыл районунун Алтын айылында машина көлмөгө түшүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Балта шаарынын 40 жаштагы тургуну үй-бүлөсү жана балдызынын балдары менен эс алганы келген.
Кечинде машинасы менен бурулуп жатып, сууга түшүп кеткен. Айдоочу, анын аялы жана ымыркайы, балдызы 6 жашар кызы менен унаадан чыга алышкан. Калган 4 жаштан 9 жашка чейинки 6 бала чөгүп кетти.
Милициянын маалыматында, айдоочу мас абалында рулга олтурган. Жоопкерчиликсиздиги адам өлүмүнө алып келген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом