Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Жактоочу камактагы А.Атамбаевдин абалы кандай экенин айтты
02.08.2022 | 12:19
Мурунку президент Алмазбек Атамбаев кошумча дарыланууга муктаж. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, Атамбаевдин медициналык кароого муктаж экендиги тууралуу корутундуну Улуттук кардиология жана терапия борбору чыгарган.
Жактоочу 1-августта №27 абактагы А.Атамбаевге жолукканын, анын абалы анча жакшы эмес экенин билдирген.
“Ал бийликтен дарыланууга мүмкүнчүлүк сурабаса дагы мамлекет мүмкүнчүлүк бериши керек”, – деп билдирди ал.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат