Зордукталган өспүрүм кызга 763 миң сомдон ашык акча чогулду

Зордукталган өспүрүм кызга 763 миң сомдон ашык акча чогулду

Зордук-зомбулукка кабылган 13 жаштагы кыздын үй-бүлөсүнө 763 242 сом чогултулду. Бул тууралуу алып баруучу Эркин Рыскулбеков билдирди.

Анын айтымында, бул сумманын ичинен 100 000 сом үй-бүлөнүн муктаждыгына, 50 000 сом жабыркаган кыздын атасына берилген.

“100 000 сом кыздын дарылануусуна жана ага керектүү буюмдарды алууга жумшалды. Ал эми 513 242,98 сом  атайын эсепке которулуп, ал каражат кыздын окуусуна багытталат”, — деди Рыскулбеков.

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралууда. Бул кылмышка шектелип, эки милиция кызматкери (Ленин РИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын жана борбордун Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери), дагы бир шериги, «Дордойдун» күзөтчүсү кармалган. Биринчи Май райондук соту зордуктоого шектелген төртүнчү официанттын ишин карап жатат. Төрт соттолуучу тең бири-бирин таанышат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: зомбулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>