Жакынкы күндөрү Кыргызстанга Орусия гумжардам жиберет

Жакынкы күндөрү Кыргызстанга Орусия гумжардам жиберет

Жакынкы күндөрү Кыргызстанга Орусиядан гуманитардык жардам келет. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстан менен Орусиянын өлкө башчылары Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путиндин телефондук сүйлөшүүсүнүн негизинде ишке ашырылууда.

Орусия тарап гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга 31 ИВЛ аппарат, 70 керебеттик монитор, 5 көчмө рентгенаппарат, 6 ультра үн жабдуусу жана жеке коргонуучу каражаттарды (0,5 млн хирургиялык беткап) берет.

Бул маалымат Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен Кыргызстандын өкмөт башчысы Кубатбек Бороновдун жолугушуусунда белгилүү болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>