Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Жалал-Абад: Чоң жолго кар түшүп, үч киши дайынсыз
14.02.2022 | 19:28
Бүгүн саат 12:30 чамасында Тогуз районуна караштуу Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кар көчкү “Чайна Роуд” ишканасына тиешелүү Нива, жүктөгүч жана 2 экскаватор унааларын басып калып, 3 киши дайынсыз болууда.
Жерине Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 6 куткаруучусу, Жалал-Абад облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, ӨКМдин жалпы 20 куткаруучусу тартылган.
Учурда “Чайна Роуд” ишканасынан 4 даана жүктөгүч, 30 кызматкер тартылып издөө жана кар көчкүнү тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар