Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Жалал-Абад: Кар көчкүдө калган 4 киши табыла элек
15.02.2022 | 10:30
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда иштеп жүргөн 4 кишиге кар көчкү басып калып, азыркыга чейин табылбай жатат. Бул туурасында Reporter.kg′ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кечээ, 14-февраль күнү 12:30 чамасында Тогуз районуна караштуу Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн. Кар көчкү “Чайна Роуд” ишканасына тиешелүү Нива, жүктөгүч жана 2 экскаватор унааларын басып калып, 3 киши дайынсыз болгону кабарланган.
Бүгүн, 15-февралга карата маалыматка караганда, кар көчкүнүн астында 4 киши калып, табылбай жатат.
Учурда издөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар