Кайра шайлоо. БШК талапкерлердин эсебине канча каражат түшкөнүн маалымдады

Кайра шайлоо. БШК талапкерлердин эсебине канча каражат түшкөнүн маалымдады

Боршайкомдун көзөмөл-текшерүү тобу Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтө турган Биринчи Май жана Свердлов бир мандаттуу округдары боюнча талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоо тууралуу маалымат менен тааныштырды.

Мыйзам ченемдерине ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

талапкердин 150 000 сомдон ашпаган жеке каражаттары;

1 миллиондон ашпаган саясий партиянын өздүк каражаттары;

ар бири 200 миңден ашпаган жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулугу;

юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары, алардын ар бири 500 миңден ашпайт.

Мында талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн жана сарпталган каражаттардын максималдуу өлчөмү 10 миллион сомдон ашпоого тийиш.

Кайра шайлоого 51 талапкер катышууда: Биринчи Май округу боюнча 26, Свердлов округу боюнча 25 талапкер.

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка караганда, арыз ээлеринин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпысынан 22 миллион 915 миң сом акча каражаты которулган. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга талапкерлердин шайлоо фонддорунан 16 миллион 942 миң сом сарпталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>