Жогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазуудаТүштүк Кореянын колдоосу менен Улуттук госпиталдын жаңы корпусу курулатКыргызстан 2030-жылга чейин ЕАЭБдеги интеграциянын артыкчылыктуу багыттарын аныктадыТүркияда Чыңгыз Айтматовдун урматына арналган эскерүү иш-чаралары өттүКыргыз-гана кызматташтыгы жолго коюлууда: Гананын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди
«Жалал-Абад» жана «Баткен» аэропорттору оңдоого жабылат
28.07.2022 | 09:49
«Жалал-Абад» жана «Баткен» аэропорттору 1-августтан тарта оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка караганда, оңдоо иштери аэропорттун учуп-конуучу тилкесинде жүргүзүлөт. Ал аэропорттор ишке берилген жылдан бери оңдоодон өткөн эмес. Мындан улам учактардын учуп-конуусунун коопсуздугу үчүн оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл.
Оңдоо иштерин быйыл 1-ноябрда бүткөрүү пландалууда.
“Манас” аэропорту келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом