Нарын облустук ички иштер башкармалыгы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү авариялык абалдагы имаратты ремонттон өткөрүп, көчүп киришти. Бул тууралуу Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул имарат 1958-жылы курулуп, мурдагы Нарын облустук социалдык фонд башкармалыгынын карамагында болгон. ЖККК бөлүмү имаратты жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жана өздүк курамдын жумушчу күчүнүн жардамы менен ремонттон өткөрүшкөн.
27-июль күнү облус башчысы Алтынбек Эргешовдун жана бардык күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын башчыларынын, милициянын ардагерлеринин катышуусунда имараттын ачылышы болду.
ЖКККБда жалпы 51 кызматкер иштеп, Нарын облусунун аймагындагы 4800дөн ашык чакырым жолдо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо менен жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш алып барышат.