Издөө салынат: Сузактык Өмүрбек Исламов 18 күндөн бери дайынсыз

Издөө салынат: Сузактык Өмүрбек Исламов 18 күндөн бери дайынсыз

Сузак районунда 43 жаштагы Исламов Өмүрбек Мурзабаевич изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Айыл айылынын 1979-жылы туулган тургуну Исламов Өмүрбек Мурзабаевич ушул жылдын 11-июль күнү саат 09:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой жаткандыктан туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 175-180 см, өңү ак жүздүү, чачы кара кыска, кашы көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: башында боз түстөгү кепка, үстүндө боз түстөгү футболка жана спорт шым, бутунда күрөң түстөгү бут кийим.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Өмүрбек Исламов боюнча кандайдыр бир маалымат болсо 03722-7-39-90, 0553-78-00-78, 0777 80-65-68 телефондору аркылуу же 102 кызматына кабарлап коюуну өтүнөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: издөо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>