Конституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалганКыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодоЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылдыКыргызстандын жана Тажикстандын телекоммуникациялык компаниялары максаттуу киберчабуулдарга кабылды
Жалал-Абадда 7,3 млн сомго балдар аянтчалары курулду
02.08.2023 | 10:56
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда балдар ойноочу аянтчалар курулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 10 жерге заманбап, ыңгайлуу шарттары менен балдар аянтчалары курулду.
“Ага жергиликтүү бюджеттен 7 млн 297 миң сом жумшалды”, – деп айтылат маалыматта.
Мэриядан белгилешкендей, жыл сайын жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардагы эскилиги жеткен, балдар ойноочу аянтчалары жок көп кабаттуу үйлөргө балдар үчүн заманбап аянтчалар курулууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом