Зордуктоого шектелип кармалып, үй камагына чыккан жаран камалды

Зордуктоого шектелип кармалып, үй камагына чыккан жаран камалды

Ысык-Көлдүн Ак-Суу айылында аялды зордуктоого шектелип кармалгандан кийин үй камагына чыгарылган жаран камакка алынды. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, тергөөчү тарабынан Ак-Суу райондук сотуна Б.Р. аттуу шектүүгө мурда тагылып жаткан айып Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна (Зордуктоо, өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу коркунучу менен коштолгон) өзгөртүлүп,  айып оорлогонуна байланыштуу анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтирилген. Сот өтүнүчтү карап, шектүүнүн үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасын өзгөртүп, ал камакка алынган. Шектелген жаран тергөө аяктаганга чейин, тактап айтканда 27-сентябрга чейин камакта болот.

Ошондой эле, 1-августта Жогорку сот маалымдагандай, буга чейин шектүүнү үй камагына чыгарып жиберген Ак-Суу райондук сотунун судьясы А. Мойдунов кызматтан кетүү тууралуу азыр жазган. Анын арызы Соттор кеңешине жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, буга чейин Б.И. аттуу аял ЖМКларга кайрылып, айылдашы сабап, зордуктаганы тууралуу билдирген. Бул боюнча ал милицияга арыз жазып, шектүү кармалган. Бирок сот шектүүнү үй камагына чыгарып жиберген.

Милиция билдиргендей, башында кылмыш иши 154-берененин 1-бөлүгү (Зордуктоо) боюнча козголгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>