Эртең эртең менен Кыргызстанга Омандан алгачкы эвакуациялык каттам келет«Сабыр» жана суахили: Кыргызстан африкалык сүйүүнү кантип тосуп алды?БАЭнин фондулук биржалары ишин кайра жанданттыМай айы окуяларга бай болот: “Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси кара тизмеден чыгуу, 25 млн доллар сарпталган реконструкция жана Burger King тууралууЧүй облусунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты2026-жылы Кыргызстанда 6,2 млрддан ашык сомго 75 кайра иштетүүчү ишкана ачылат
Жалал-Абадда самогонду мыйзамсыз жасап саткан жай аныкталды
02.09.2025 | 12:44

Жалал-Абад шаарында 1 тоннадан ашык көлөмдө самогон өндүргөн жай аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейддик текшерүү учурунда сатууга даярдалып жаткан 29 челек (5 миң 200 литрге жакын) алкоголдук продукция табылган.
Жерине чара көрүү үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери чакырылып, аталган жайга мөөр басылган.
Салык кызматы уруксат документтери жок алкоголдук продукцияны өндүрүү, сатуу мыйзамды одоно бузуу болуп саналарын жана мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Жалал-Абад шаары